Элди кыйнаган кыргыз-тажик чек арасы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгени кабарланды. Мындан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылды.
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгени кабарланды. Мындан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылды. Жер алмашуунун жол-жоболору канчалык так жана терең аныкталды? Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку сүйлөшүүлөр мындан аркы чыр-чатактарды алдын алууга канчалык таасир эте алат? Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, коомдук ишмер Досбол Нур уулу жана “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев катышты.