Өзгөчө абал: Коомдук транспорт таңкы 7ден кечки 7ге чейин иштей берет

Ош шаары.

Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук транспорт эртеӊ мененки саат 7ден кечки 7ге чейин иштейт. Бул тууралуу коронавируска байланыштуу түзүлгөн республикалык штаб кабарлады.

25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол койду.

Өзгөчө абал 25-мартта саат 8:00дөн тартып 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда саат кечки 8ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот. Бул убакта адамдардын жана транспорттун кыймылы толук токтойт. Эрежени бузгандарды милиция кармап кетет, зарыл болсо үч күнгө камайт.

Кыргызстанда 22-марттан тарта коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бишкекте жана Ошто кичи автобустар толук токтоду, троллейбус жана муниципалдык автобустар гана жүрүп жатат. (RK)