Чечме булагы чырга себеп болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

31-майда кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек жеринде эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр чыкты. Социалдык тармактарда тараган видеолордон топтолуп турган элди, кыйкырып, айтышып жаткандарды көрүүгө болот. Чырга Баткендин Кадамжай районуна караштуу жерде Чечме деген булак талаш себеп болгон.