Атамбаевди жактаган жана жектеген митингдер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эми Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши каралып бүткөнгө чейин сот отурумдарына катыша албайт. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун мындай чечим чыгарышына 1-июнда Атамбаев сот залындагы тосулган жерге отурууга макул болбой койгону себеп болду. Сот жүрүп жаткан учурда имараттын сыртында мурдагы президентти колдогон жана каршы ондогон адамдар митингге чыгышты. Президенттин аппараты Атамбаевдин тарапташтарынын дооматына жооп берген жок.