COVID-19: Испания чек арасын ачты, Азебайжан кайра карантин киргизди

Азербайжандын баш калаасы Бакунун көчөлөрүн дезинфекциялоо, 18-апрель, 2020.

Коронавирустан эң катуу жабыркаган мамлекеттердин бири Испания 21-июнда өзгөчө кырдаал абалын жоюп, Европа мамлекеттеринин көбүнө чек арасын ачты. Португалия, Британия жана Еврошаркетке кирбеген өлкөлөрдүн жарандарына азырынча Испанияга кирүүгө уруксат берилбейт.

Туризм өлкө экономикасынын 12% түзөт. Испанияда коронавируска 246 миңдей адам чалдыккан.

Ал арада Латын Америкасында коронавирустун тарашы басандай элек. 21-июнга карата Бразилияда бул илдеттен көз жумгандардын саны 50 миңден ашты. Ал эми инфекцияны жуктуруп алгандардын саны бир миллионго чамалады.

Азербайжан коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында 21-июнда эки аптага катаал карантин чараларын кайрадан киргизди. Жарандар үйлөрүнөн атайын уруксат барактын негизинде гана чыга алышат. Бардык соода жайларынын иши токтотулду.

Пакистан 22-июндан тартып Ооганстан менен чек арасын ачарын билдирди. Буга чейин бул өлкө Иран менен чек арасын ачкан.