Укук коргоочу уюмдар беларус бийлигин айыпташты

Минскидеги шайлоо жарнамасы. 19-июль, 2020-жыл.

Укук коргоо уюмдары беларус бийлигин 9-августка белгилгенген президенттик шайлоонун алдында коомдо «коркуу жана коркутуу» маанайын түзүп жатканы үчүн айыпташты.

Беларустагы Хелсинки комитети жүргүзгөн «Укук коргоочулар эркин шайлоо үчүн» компаниясы жана Минсктеги «Весна» укук коргоо борбору биргелешип 27-июлда тараткан билдирүүсүндө, бийлик жарандарды репрессиялоо өнөктүгүн баштаганы, ушул тапта саясий себеп менен 25 адам камакта отурганы айтылат.

Активисттер билдиргендей, жалпысынан үгүт иштери башталгандан бери 1140 адам кармалып, алардын 190 түрмөгө камалган. 300дөн көбү айыпка жыгылган.

Укук коргоочулар ошондой эле президент Александр Лукашенко менен Коопсуздук кеңешинин төрагасы Андрей Рауковдун «демонстрацияларды басууга аскерлер тартылышы мүмкүн» деген сөздөрү боюнча өзгөчө тынчсыздануусун билдиришкен.

Ошондой эле билдирүүдө БШКнын добуш берүү бекеттериндеги байкоочулардын санын беш адамга чейин кыскарткан чечими сынга алынган.

Бул жолку шайлоонун алдында мамлекет башында 26 жылдан бери турган Лукашенко оппозициянын катуу каршылыгына туш болууда.