Беларустун баш калаасы Минскинин жанында «32 чет элдик жалданма аскер» кармалганын БЕЛТА мамлекеттик агенттиги жазды.
29-июлда жарыяланган маалыматка караганда, коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө 9-августта өтө турган президенттик шайлоонун алдында «кырдаалдын туруктуулугун бузуш үчүн» 200дөй чет элдик согушкер келгени тууралуу маалымат түшкөн.
Алар кайдан келгени кабарланган жок. Ал эми Тергөө комитетинин расмий өкүлү Сергей Кабакович «Азаттык» радиосуна «кеңири маалыматты расмий мекемелер таркатарын» билдирди.
Мамлекеттек коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлигинен бул боюнча маалымат алууга мүмкүн болбоду.
Мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко быйылкы шайлоо алдында оппозициянын буга чейин болуп көрбөгөндөй каршылыгына туш болууда.
Нааразылык акцияларына чыккан жүздөгөн адамдар, анын ичинде активисттер, блогерлер камалды. Ал эми оппозициядагы негизги өкүлдөр шайлоого талапкер катары каттоодон өтпөй калды.
Лукашенко буга чейин коңшу Украинада 2014-жылы болгон Майдан окуяларына окшош төңкөрүштү уюштуруш үчүн белгисиз күчтөр чет элдик жалданма аскерлерди колдонушу мүмкүн экенин айткан.