Ысык-Көл: Пандемияда эс алуу жайларынын 41 % иштеген жок

Ысык-Көл жээгиндеги эс алуучулар.

Быйыл коронавирус пандемиясынан улам Ысык-Көлдө эс алуучуларды кабыл алган жайлар олуттуу зыян тартты. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элчибек Жантаев 2-сентябрдагы брифингде быйылкы июнь-июль айларындагы статистика, туризм тармагы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, июнь айында эс алуучулардын жоктугунан улам айрым эс алуучу жайлар туристтик мезгилде иштөөдөн баш тарткан.

Облуста бул жылы жалпы 533 эс алуу объектилери  иштөөгө уруксат алган.  2020-жылдын 1-июлуна карата анын 313ү ишке кирген,  220 объект же 41% иштеген эмес.

Өкмөттүн буйругу менен быйыл 1-июндан тартып Ысык-Көлдө туризм тармагынын ишине уруксат берилген. 

Буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги быйыл туризм тармагы 80% солгундайт деген божомол бар экенин билдирген. (NT)

Дагы караңыз

Тоо арасына саякатТүлөбаев: Эрежеге баш ийбеген пансионаттар жабылатЫсык-Көлдө 2600дөн ашык кишиден коронавирус жана пневмония табылды