Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, учурда бул маселе боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатат.
«Буюрса, 15-сентябрдан тартып Өзбекстан менен аба каттамдары жанданат. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди Курманбек Акышев.
Анын маалыматына караганда, аба каттамдарын жандантуу маселеси боюнча сүйлөшүү Казакстан менен да жүрүп жатат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда учак каттамдарынан тышкары автобустар да каттайт. Бишкек-Ташкент, Ош-Анжиян автобус каттамдары 2017-жылы чек аралар ачылгандан кийин жанданган.
2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин Өзбекстан чек арасын бир тараптуу жаап, андан өтүү бир топ татаалдашкан эле. (SE/ZKo)
Дагы караңыз
БШК: Добуш сатып алуу аракеттери жөнүндө арыздар түшүп жататБеларуста 600дөн көп киши кармалдыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди