Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

БШК: Добуш сатып алуу аракеттери жөнүндө арыздар түшүп жатат


Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө добуштарды сатып алуу жана алардын шайлоо дарегин өзгөртүү максатында паспортторун чогултуу фактылары боюнча арыздар түшүп жатканын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) ырастады.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, шайлоочулардын паспортторун жапырт чогултуп алып, алардын шайлоо дарегин мажбурлап которуу аракетине чара көрүлөт.

«Азыркы кезде жер-жерлерден жарандардын паспортторун чогултуп, №2 форма толтурткан маалыматтар түшүп жатат. Эч бир жарандын паспортун башка бирөө алып, колдонушуна жана чогултуп алышына уруксат жок. Андай учурларда аймактык шайлоо комиссиясына же укук коргоо органдарына кайрылсаңыздар болот», - деди ал.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын кошумча тизмелерин түзүүгө тыюу салынган. Кошумча шайлоо тилкелерин ачууга андагы шайлоочулардын саны 2,5 миң адамдан ашып кетсе гана уруксат берилет деген ченем киргизилген.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 15 саясий партия ат салышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG