Трамп: АКШда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө октябрда башталат

Дональд Трамп.

АКШда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө октябрда башталат. 2020-жылдын аягына чейин 100 миллион доза вакцина даяр болот. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын бул билдирүүсүн «Интерфакс» жазды.

Трамп Ак үйдөгү басма сөз жыйынында: «Биз вакцинаны өтө коопсуз, натыйжалуу түрдө жеткирүү жана таратуу жолунда баратабыз. Биз муну октябрдан тартып баштайбыз деп ойлом», – деди.

Президент кандайдыр бир тоскоолдук жаралса, вакцинаны декабрга чейин күтүүгө туура келерин да кошумчалады.

Бул арада АКШдагы Ооруларды алдын-ала көзөмөлдөө борборунун (CDC) директору Роберт Редфилд вакцина 2021-жылдын экинчи же үчүнчү чейрегинде гана жеткиликтүү болушу ыктымал экенин айтты. АКШнын Саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар министрлигинин өкүлү Пол Манго вакцина ноябрда же декабрда колдоо табышы ыктымал экенин, деги эле бул маселеде 100% кепилдик берүүгө болбой турганын эскертти.

Дональд Трамп АКШ президенттигине 2016-жылкы шайлоодо утуп келген. Быйыл 3-ноябрга белгиленген шайлоодогу Трамптын атаандашы - Демократиялык партиянын өкүлү Жо Байден.

Буга чейин Орусия өзүнүн «Sputnik V» деген ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн жана аны аттуу-баштуу адамдар сайдыра баштаган. Алардын арасында Путиндин кызы, коргоо министри Сергей Шойгу да бар. Бирок Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар окумуштуулар Орусиядагы вакцина эки баскычтуу гана сыноодон өткөнүн, натыйжалуу жана коопсуз экенин текшериш үчүн сыноонун үчүнчү этабы маанилүү экенин айтып жатышат.

Дагы караңыз

Жек-жаатка толгон «Мекеним Кыргызстан» ДССУ Европада коронавирус кайра жайылып жатканын эскерттиТөраганын жоругу жана шайлоо мыйзамыЭтибар алына элек «экинчи толкун»Коопсуздук кеңешинде өлкөнүн коррупцияга каршы жаңы стратегиясы кабыл алындыАКШ: жаңы вакцинанын айланасында талаш курчуду