Европадагы мамлекеттер коронавирустун экинчи толкуну каптаганына байланыштуу бир катар катаал чектөөлөрдү киргизе баштады. Аймакта илдетке кабылгандардын бир күндүк көрсөткүчү жүз миңден ашып жаткандыктан ооруканалар толуп калышы мүмкүн деген кооптонуу жаралды.
Учурда абал Британияда, Орусияда, Испанияда, Францияда жана Чехияда өзгөчө кооптуу.
11-октябрда Орусияда коронавирус жугузуп алгандардын бир күндүк көрсөткүчү 13 миңге жетти. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Францияда COVID-19га кабылгандардын саны апрель айына салыштырмалуу эки эсе көп болуп, бир күндө 20 миңдин тегерегинде болуп жатат.
Дагы караңыз
Кооптуу вирусту унуттурган кырдаалДүйнөдө жакырлар 115 миллионго көбөйөтЧехия өкмөтү 14-октябрдан тартып коронавируска каршы күрөшүү чараларын катаалдаштырарын өкмөт башчы Андрей Бабиш жекшембиде жасаган видеокайрылуусунда билдирди.
Италия да жалпы мамлекетке чектөөлөрдү киргизүүгө камынып жатат.