Абылгазиев Финполго сурак бергени кирип кетти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматына сурак бергени кирип кетти. Ал Финансы полициясына күбө катары чакыртылганын айтып, кызматта турган учурда мыйзам бузбаганын билдирди. Мурдагы өкмөт башчы кайсы иштер боюнча сурак бере турганы азырынча белгисиз. Бир күн мурда Финпол Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салган.