Президенттик шайлоо: 63 жаран талапкерлигин каттоого арыз берди

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо учуру.

Кыргызстанда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 14-ноябрь, саат 23:59гө карата жалпы 65 жаран документин тапшырды. Алардын ичинен Бакыт Бакетаев менен Жыпаркул Тургуналиев арыздарын кайра кайтарып алды.

Ушуну менен Боршайкомдо 63 жарандын документи калды. Алардын 62си президенттикке талапкерлигин өзүн-өзү көрсөтсө, бир адам саясий партиянын атынан сунуш кылынды. Шайлоого талапкер болуп катышуу үчун арыз бергендердин сегизи аял, 55и эркек.

Дагы караңыз Жапаров шайлоого баруу үчүн кызматын тапшырды


Президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бергендердин тизмеси:

1. Адахан Мадумаров;

2. Арстанбек Абдылдаев;

3. Кубан Чороев;

4. Назарбек Нышанов;

5. Бектур Асанов;

6. Канатбек Исаев;

7. Абдыкаар Сыдыков;

8. Сазыкбай Турдумалиев;

9. Нурлан Мотуев;

10. Рашид Тагаев;

11. Жеңишбек Байгуттиев;

12. Клара Сооронкулова;

13. Аймен Касенов;

14. Азамат Эсенбеков;

15. Кубанычбек Кадыров;

16. Элеонора Турдубекова;

17. Садык Шер-Нияз;

18. Үрүстөм Кабылбеков;

19. Илгиз Товкеев;

20. Бактыбек Калмаматов;

21. Жамбылбек Камчиев;

22. Мыктыбек Арстанбек;

23. Токтайым Уметалиева;

24. Арсланбек Малиев;

25. Медер Болгомбаев;

26. Анар Зарипова;

27. Куттумидин Базаркулов;

28. Бакыт Романов;

29. Турсунбек Жумабеков;

30. Имамидин Ташов;

31. Эрбол Токтогулов;

32. Карагач Исмаилова;

33. Марат Кайыпов;

34. Турсунбай Бакир уулу;

35. Курсан Асанов;

36. Темирлан Ормуков;

37. Каныбек Иманалиев;

38. Орозобек Мадинов;

39. Анаркүл Араева;

40. Акжолтой Тукунов;

41. Равшан Жээнбеков;

42. Тынчтык Акжолтоев;

43. Айбек Эркетаев;

44. Санжарбек Энназаров;

45. Юлия Лилиенталь;

46. Чыңгыз Капаров;

47. Жаныбек Сүйүналиев;

48. Жээнбек Искендеров;

49. Кубанычбек Исабеков;

50. Базарбай Темишов;

51. Бакытбек Жумагулов;

52. Бакыт Керимбеков;

53. Елена Клипачева;

54. Элдар Абакиров;

55. Улукбек Кочкоров;

56. Кубанычбек Токтосунов;

57. Адилет Маматов;

58. Султан Ажиматов;

59. Бабыржан Төлбаев;

60. Абдил Сегизбаев;

61. Мирлан Калыбеков;

62. Саматбек Ибраев;

63. Садыр Жапаров.

Дагы караңыз Президенттикке умтулгандардын дарамети жана мүдөөсү


«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн жарандар БШКга документтерин 14-ноябрдын акырына чейин тапшырышты.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген.

Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров аткарып калган. Ал президенттикке талапкерлигин койгону үчүн кызматын 14-ноябрда тапшырды.

Мыйзам боюнча парламент спикери Талант Мамытов президенттин милдетин убактылуу аткарып жатат.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шайлоо: Мадумаровдун талабы, Жапаровдун убадасы