Кыргызстан менен Орусия Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча сүйлөшүү жүргүзөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Орусиянын тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрү жакынкы арада Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча жолугушуу өткөрүшөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жолугушууда кызматташуу боюнча кийинки кадамдар талкууланат.

Комитеттин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев бул долбоордун Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниси чоң экенин белгилеп, «Жогорку Нарын ГЭС каскады ишке кирип, элге пайда алып келиши үчүн бардык аракет көрүлөт» деди.

«Жогорку-Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт аралык келишимине ылайык катталган. Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан.

Кийин орус тарап «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Быйыл май айында Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги жетекчиси Айтмамат Кадырбаев арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген.

Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат. Объект «Электр станциялары» ишканасынын көзөмөлүндө.

Быйыл 9-ноябрда ишкана курула турган жерге өкмөт башчы Садыр Жапаров барып келген. (RK)

Дагы караңыз

HRW Борбор Азияда мыйзам үстөмдүгүн сактоого чакырдыПарламенттик өлкөлөр бай жашайтЖер трансформациясы боюнча мыйзамдын күңгөй-тескейи