Бишкек шаардык кеңешиндеги эки фракция көпчүлүк коалициядан чыгарын жарыялады

Бишкек мэриясынын имараты.

Бишкек шаардык кеңешиндеги «Мекеним Кыргызстан» жана «Республика - Ата Журт» фракциялары көпчүлүк коалициядан чыгарын жарыялашты. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Азырынча эки партиянын коалициядан чыгышынын себеби айтыла элек. «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Канатбек Музуралиев «Азаттык» радиосуна буга чейин коалициядан чыгуу жөнүндө айтылбаганын маалымдады.

Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга КСДП, «Республика - Ата Журт», «Мекеним Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары кирген. Ал эми оппозицияда «Кыргызстан» фракциясы калган. (TSh)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңештин төрт депутаты ИИМге суракка чакырылдыВенеция комиссиясы: Жогорку Кеңеш конституциялык реформа жүргүзө албайт