«Акнет» иши: Шаардык сот Ажимудиновду камакта калтырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык соту «Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудиновду 2021-жылдын 13-январына чейин камакта калтырды. Жактоочулардын райондук соттун аны камакка алуу тууралуу чечимине карата апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылганын «Азаттык» радиосуна 20-ноябрда шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Ажимудинов быйыл 6-октябрда камактан бошотулган, бирок бир нече күндөн кийин кайра №1 тергөө абагына отургузулган.

«Акнет» ишканасынын акционерлеринин 2018-жылдын аяк ченинде ачыкка чыккан чыры токтой элек. Компанияда үч адамдын үлүшү бар жана алардын бири Кубан Ажимудинов салыктан качууга, документ жасоого, куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө шек саналып камакта жатат.

Ал эми анын тарапкерлери «Акнет» рейдердик басып алууга кабылганын, Ажимудиновдун компаниядагы үлүшүн тартып алуу аракети болуп жатканын айтып келишет. (RK)