Чүйдө аял күйөөсүнүн өлүмү үчүн шектүү катары кармалды

Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.

Жайыл районунда күйөөсүнө бычак сайды деген шек менен аялы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 17-ноябрь күнү болжол менен саат 23:30 чамасында райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылынын 32 жаштагы тургуну бычак жеп аймактык ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгондугу тууралуу кабар түшкөн. Окуя боюнча жүргүзүлгөн ыкчам тергөө аракеттеринин натыйжасында каза болгон тургундун 29 жаштагы аялы кылмыш үчүн шектүү катары кармалды.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, спирт ичимдигин ичип отурган жубайлар уруша кетишип, аялы күйөөсүн бычак менен моюн тушка сайып салган. Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. (TSh)

Дагы караңыз

Өкмөт мал-жандыкты экспорттоого алты айга тыюу салдыБаш мыйзам: жаңы долбоордон чыккан чыңалууСадыр Жапаров: Баш мыйзамга каршы чыгып жаткандардын чыныгы жүзүн жакында ачам"Эбегейсиз бийликти алуу диктатурага жол ачат"Калмаматов: Жээнбековдун башкаруу эрежесин Жапаров Конституцияга киргизгени жатат