Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Калмаматов: Жээнбековдун башкаруу эрежесин Жапаров Конституцияга киргизгени жатат


Бакытбек Калмаматов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.
Бакытбек Калмаматов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.

Парламенттин мурдагы депутаты, президенттикке талапкер болууга арыз берген саясатчы Бактыбек Калмаматов сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоорун «Марал» радиосудагы маегинде кескин сындады.

«Эми бүгүн Жапаровдун бийлиги эмне деп жатат? «Конституциядан тыш башкарсаң эл кууп жиберет экен. Мен Жээнбековдун башкарган абсолюттук хан эрежесин китепке эреже кылып алайын» дейт. Бизде Конституцияда көрсөтүлгөн эрежеден тыш жашаш үчүн президенттер ар кандай жолдор менен бийликти узурпация кылып келди. Кагазда карасаң парламенттик, турмушта - президенттик. Акаевдин маалында, Бакиевдин маалында, Атамбаевдин маалында, Жээнбековдун маалында президенттик болду. Биздин эл парламенттик система жаман экенин кайдан билди, андай системада жашап көрбөсө? Азыр эки тараптын тең айтып жатканы жалган. Мына ушул 2010-2016-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдан «бийликти басып алсаң, узурпатор болсоң боло берет» дегенди таап берсеңер сыйлык берем», - деди экс-депутат.

Калмаматов буга чейинки бардык бийлик Баш мыйзамдан тыш башкаруу системасын орнотуп алганын айтып, кеп мыйзамда эмес, жеке саясатчылардын өзүндө экенин белгиледи.

Буга чейин өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоорун сындап жаткандарга жооп берген. Ал «Инстаграмдагы» баракчасына «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деген пикирин жазды.

«Бул Баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана (албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык. Бул - бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам эмес, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам. Бул Баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам», деп жазды Жапаров.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Бул долбоорду толуктап иштеп чыгуу максатында 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ушул эле күнү кеңешме ишин баштады. (TSh)

XS
SM
MD
LG