Ооганстандагы жардыруудан Орусия элчилигинин кызматкерлери жабыркашты

Кабулдагы жардыруу. 16-ноябрь, 2020-жыл. Архивдик сүрөт.

1-декабрда Ооганстандын борбору Кабулда болгон жардыруудан орус элчилигинин кызматкерлери жеңил жаракат алышкан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

Жардыргыч салынган автоунаа Орусиянын Ооганстандагы элчилигинен алыс эмес жерде жарылган. Баштапкы маалыматтарга караганда, жанкечти Ооганстандын аскерлери отурган жүк ташуучу машинени бутага алган. Орус Тышкы иштер министрлиги жардыруу атайын орус жарандарына каршы уюштурулушу ыктымал деп эсептейт. Министрлик ооган тараптан жардырууну терең иликтеп, Орусиянын Ооганстандагы мекемелеринин коопсуздугун сактап берүүсүн өтүндү.

29-ноябрда эртең менен өлкөнүн Газни вилайетинде бир жанкечти жардыргыч зат жүктөлгөн автоунаасы менен Газни шаарынын чет-жакасындагы аскердик базага кол салып, натыйжада коопсуздук күчтөрүнүн бери дегенде 26 кызматкери курман болгон.

Кийинки убакта чыгыштагы Газни вилайетинде жана өлкөнүн башка айрым аймактарында ооган коопсуздук күчтөрү менен талибдердин жоочулары өз ара кагылышып келет.

Ооганстандын бийлиги менен талибдердин атышууну токтотууга багытталган дипломатиялык аракеттеринен майнап чыга элек.

Дагы караңыз

Чек арадагы иштебеген система үчүн эки мекеме кайым айтышуудаМал-жандыкты сыртка сатууга коюлган убактылуу чектөө алынбайт Конституцияны камсыздоо үчүн конституциялык көзөмөл барбы?Гундула Салк жана Тоголок Молдонун санжыра мурасыАКШнын элчилиги Матраимовго козголгон кылмыш ишин кубаттадыБШКнын жумушчу тобу Башкы прокуратуранын Адахан Мадумаров боюнча арызын карадыТрамп шайлоодон бери тарапташтарынан 150 миллион доллар чогултту