Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Трамп шайлоодон бери тарапташтарынан 150 миллион доллар чогултту


Дональд Трамп Жо Байдендин жеңишин таануудан баш тартып келет.

АКШда бир катар басылмалар президент Дональд Трамп шайлоодон кийин тарапташтарынан кайрымдуулукка 150 миллион доллардан ашык акча чогултканын жазышты. Мөөнөтү бүтүп бараткан президент добуш берүү олуттуу мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып, тарапташтарын ага колдоо көрсөтүүгө, кайрымдуулук кылууга байма-бай чакырып келет.

Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн өкүлү Тим Мерто кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты.

«New York Times» бул акчанын көбү добуш берүү аяктаган алгачкы жумада эле чогулганын маалымдады. Басылма ырастагандай, кайрымдуулукка келген акчанын 75% «Американы сактагыла» деген саясий кыймылга жумшалмакчы. Ошондой эле элден келген каражат Трамптын болочок саясий ишмердигине да колдонулушу мүмкүн. Андан сырткары республикачылардын улуттук комитетине да берилет.

«New York Times» кайрымдуулукка келген акчанын көлөмү шайлоо өнөктүгү кызып турган маалда чогулган каражатка барабар экенин белгиледи.

АКШда соңку президенттик шайлоодо баштапкы маалымат боюнча Байден утту. Шайлоочулар коллегиясы 14-декабрда жыйынга чогулуп, добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын жарыяламакчы.

Кошмо Штаттарда шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 добушун алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Азыр Байденде 306 добуш бар, ал эми анын башкы саясий атаандашы, учурдагы президент Дональд Трамп 232 добуш топтоду. Трамп Байдендин жеңишин таануудан баш тартып келет жана анын юристтери бир катар штаттарда сотко кайрылган, бирок көбү канааттандырылган эмес.

XS
SM
MD
LG