«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 8-декабрда «S7» авиакомпаниясынын Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча алгачкы чартердик каттамын жүргүзгөн учакты тосуп алды. Аны менен 169 жүргүнчү учуп келди.
«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы бул каттам эми жума сайын бир жолу - шейшемби күндөрү жүргүзүлүп турарын билдирди.
Маалыматка ылайык, Новосибирск-Тамчы-Новосибирск каттамы Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүү максатында ачылды.
Аэропорт пандемия маалында адамдарга коронавирус оорусун жугузбаш үчүн коргонуучу бардык чараларды көрүүдө. (BTo)
Дагы караңыз
Сирияда калгандарды алып келүү иши кечеңдедиКонкеңештин суроо жараткан ишмердигиМосква: Мамытовдун сапары, кыргыздардын акциясы «Кыргыз жерин» элине калтырган обончуБритания вируска каршы вакцинаны биринчи алат