20-декабрда Москвада 23 жаштагы кош бойлуу мигрант келин каза болду. Бул тууралуу Орусиянын «Московский комсомолец» гезити жазды.
Гезиттин жазганына караганда, келинден капыстан кан кетип, «Тез жардам» чакырылганына карабай жүрөгү токтоп калган. Окуя болгон жерге барган ички иштер жана медицина кызматкерлери келиндин кош бойлуу экенин аныкташкан.
2019-жылдагы эсеп боюнча Кыргызстандан чет жакка чыккан мигранттардын саны 732 миң деп эсептелген. Алардын 640 миңинин Орусияда расмий каттоосу бар. Кыргызстандыктар Орусиядан тышкары Түркия менен Казакстанга иштегени көп барышат.
Жылына чет жактан 300дөй кыргызстандык мигрант каза болууда. (BCh)
Дагы караңыз
Новиков үгүт топторун бюджетте иштегендерди тартпоого чакырдыКара алтындын өмүрдү уурдаган түйшүгүТашиев: Атамбаевдин ден соолугу анча жакшы эмес, аны менен эртең жолугамТашиев: Матраимовго карата жаңы иш козголду