24-декабрда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө. Анда сөз сүйлөгөн премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиков мындан ары ишкерликте жана экономикада туруктуулук зарыл экенин, кыргыз экономикасы дагы бир башаламандыкты көтөрө албай турганын билдирди.
«Министрлер кабинетинин башкы максаты - алдыда боло турган шайлоодо административдик ресурстун кимдир-бирөө тарабынан колдонулбашы. Мындай фактылар болсо, кабарлап коюңуздар. Өкмөт шайлоону уюштуруу жагын жана техникалык маселелерин эле карайт. Шайлоонун жүрүшүнө түз киришүү болбойт. Купуялык сакталат, ушундан улам козутууга, добуш сатууга жана сатып алууга берилбеңиздер. Үгүт иштерине тартылган тараптарга айтарым - бюджетте иштегендерди мажбурлап добуш берүүгө же үгүт иретиндеги иш-чараларга тартпагыла», - деди ал.
Новиков ошондой эле биометрикалык маалымат бере элек жарандарды 29-декабрга чейин тиешелүү маалыматтарды тапшырууга чакырды.
2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүп, башкаруу тартибин аныктаган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеште 9-декабрда биринчи окуудан, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн.
Бир катар активисттер, саясатчылар, депутаттар документ мыйзамды одоно түрдө бузуу менен бардык окуудан өткөнүн айтып жүрүшөт. (BCh)