Бишкекте 24-декабрда президенттикке талапкерлигин койгон 10 адам менен Кыргызстандагы 25 ири бизнес-ассоциациянын өкүлдөрү жолугушуп, өлкөнүн экономикасын жана бизнесин өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулап жатышат.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда жыйындын соңунда кызматташтык боюнча декларацияга кол коюлат. Ассоциациялардын өкүлдөрү акыркы күндөрү ишкерликти текшерүү өтө күчөп кеткенин айтышууда.
Жүк ташуучулар бирикмесинин төрагасы Өмүрбек Шабданалиев Транспорт жана жолдор министрлиги эл аралык каттамдагы жүк ташуучулардын көйгөйлөрүн чече албай жатканын айтты:
«Транспорт министри болуп бир да жолу инженер адис келген жок. Кайдагы бир жазуучулар, бийликтегилердин кудалары, өкүл балдары министр болууда. Алар транспорт тармагынын көйгөйүн билишпейт, эч кандай түшүнүгү жок. Сиздерден бирөө президент болуп калсаңыздар бул багытта кадр саясатын жакшы жүргүзүшүңөрдү суранабыз».
Жыйында тараптар инвестицияларды, жеке менчикти, ошондой эле учурдагы Конституция кепилдик берген башка укуктар менен эркиндикти коргоо, базар экономикасынын принциптерин сактоо, анын ичинде мамлекеттик жөнгө салууну азайтуу жана башка маселелерди талкуулашты. (BCh)