Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

«Сингапурдун билим берүү системасы: парадокстордун күчү» аттуу китеп кыргызча жарык көрдү


Жаңы китеп.
Жаңы китеп.

Сингапурдук автор Эң Пак Тинин «Сингапурдун билим берүү системасы: парадокстордун күчү» аттуу китеби кыргызча жарык көрдү. Аны «Bugupress» басма үйү басып чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» долбоордун жетекчиси Жаныбек Абидетегин кабарлады:

«Сингапур өлкөсү 1965-жылы эгемендик алгандан баштап билим берүү системасына өзгөчө көңүл бура баштаган. Бул өлкө ушу тапта билим берүү системасы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Сингапур улуттук баалуулугу менен заманбап баалуулукту жуурулуштуруп, алдыга озуп чыгып жатат. Мына парадокс. Албетте, бул таңуулоо эмес. Болгону талкууга жем таштоо. Окуйлу, ойлонолу, озолу».

Аталган китептин түп нускасын Эң Пак Ти англис тилинде 2017-жылы жазган. Китепти кыргыз тилине Адамата Алишер уулу бир жыл ичинде которгон.

Ал буга чейин украин, түрк, испан тилдерине которулса, Борбор Азияда жана КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи болуп Кыргызстанда которулду.

Белгилей кетсек «Bugupress» басмаканасы буга чейин Лариса Буракованын «Грузия кантип реформа жасай алды?», Китами Масаонун «Кылычсыз самурай», Илхами Саваштын «Балдардын тарткан сүрөттөрү эмнени түшүндүрөт?» китептерин кыргыз тилинде басып чыгарган. (MsD)

XS
SM
MD
LG