Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Башкы прокуратура: Мадумаровдун коркутуу боюнча айтканы иликтенет


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Башкы прокуратура президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Коомдук телерадио компаниядагы кайрылуусунда Ысык-Көлдөгү шайлоочулары менен жолугушуу пландалып, бирок өтпөй калганы, анын штабынын айрым мүчөлөрүн белгисиз адамдар коркутканы тууралуу айткандарын иликтеп, бул боюнча керектүү материалдар топтолгонун маалымдады.

Чогулган документтерге ылайык Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки териштирүү башталды.

Башкы прокуратуранын жиберген басма сөз билдирүүсүндө бул иликтөө иштери «Азаттык» радиосуна чыккан «Үгүт ишиндеги талапкерлердин таскагы» аттуу макаладан кийин башталды.

Президенттикке талапкер, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Коомдук телерадио компаниядагы түз эфирде өзүнүн тарапташтарына коркутуу болуп жатканын айткан.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Үгүт иштери 15-декабрда башталган. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт. (BCh)

XS
SM
MD
LG