Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

БШК Мадумаровдун опуза тууралуу билдирүүсүн иликтеп жатат


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам аракеттенүү тобу президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаровдун үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштоо планы коркутуудан улам үзгүлтүккө учураганын айткан сөзү боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

17-декабрда бул тууралуу маалымат Башкы прокуратурага жана ИИМге жиберилгенин БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Президенттикке талапкер, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Коомдук телерадио компаниядагы түз эфирде өзүнүн тарапкерлерине коркутуу болуп жатканын айткан.

«Мен эл менен биринчи жолугушуумду касиеттүү Ысык-Көлүбүздөн баштайбыз деген жакшы оюм бар эле. Тилекке каршы, мына ушунчалык жапайычылыктын чегине келдик, Мадумаровдун штабын түзүп жаткандар жалынып-жалбарып бизден суранышты. Алар мага «бизде жаш азаматтар пайда болду, «эгерде кимде-ким бир жигиттен башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз» деп айтышты» дешти мага», - деди КТРКнын түз эфиринде.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Үгүт иштери 15-декабрда башталган. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт.

Бул аралыкта президенттикке талапкерлер аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууга жана негизги мамлекеттик телеканалдардын эфири аркылуу акысыз түз чыгууга акылуу.

16-декабрда президенттикке дагы бир талапкер, Кой-Таш иши боюнча үй камагында отурган Равшан Жээнбековдун аймактарды кыдырышына сот уруксат берген эмес.

Президенттик кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG