Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Талант Капаров Бишкектеги Троллейбус башкармалыгын жетектейт


Талант Капаров.
Талант Капаров.

Талант Капаровду Бишкек троллейбус башкармалыгынын директорунун кызматына дайындоо тууралуу буйрукка 17-декабрда шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Талант Капаров буга чейин Ош шаарындагы муниципалдык транспорт башкармалыгын жетектеп келген.

Бишкектеги Троллейбус башкармалыгынын мурдагы башчысы Артур Өмүрзаков жана Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Атыканов 10-декабрда кызматтан алынган. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев алар кеңешпей туруп шаардык транспорттун жол киреси кымбаттай турганын билдиришкени үчүн иштен алынганын билдирген.

Аталган кызматкерлер 9-декабрдагы басма сөз жыйынында мэрия муниципалдык автоунааларда накталай акча төлөөчүлөр үчүн жол кирени кымбаттатууну караштырып жатканын, бул электрондук системага өтүүнү ыкчамдатарын билдиришкен.

Жол кирени электрондук түрдө карточка аркылуу төлөөчү «Тулпар» системасы Бишкек шаарында быйыл 1-марттан тартып ишке киргизилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG