Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Каракалпакстанда айлык талап кылгандар жолду буушту


Нукустагы нааразылык акциясы. Каракалпакстан. 17-декабрь, 2020-жыл.
Нукустагы нааразылык акциясы. Каракалпакстан. 17-декабрь, 2020-жыл.

17-декабрда Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында айлык акысын талап кылган тургундар калаанын борбордук көчөлөрүнүн бирин бууду.

Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеотасмада адамдар шаардын борбордук бөлүгүндөгү Досназаров атындагы көчөнү тосуп турушканын көрүүгө болот. Видеонун автору кадр сыртында «жолду жумушсуздукка жана айлыгы убагында берилбегенине нааразы болгон тургундар» тосушканын айткан.

Жергиликтүү makon.uz сайты жолду бууган тургундар менен Нукустун башчысы жана Каракалпакстандын ички иштер министри жолугуп, алардын нааразылыгын укканын жазды.

Маалыматка караганда, акцияга пандемия маалында Нукуста убактылуу жумуштарда иштеп, айлыгын ала албай калган ишсиз жарандар чыккан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү нааразы болгон жарандардын айлыгын төлөтүп бергенден кийин чогулгандар тарап кетишкени кабарланды.

XS
SM
MD
LG