Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Сүлүктүдө көмүр шахтасында уранды астында калган кишинин сөөгү табылды


Сүлүктү.
Сүлүктү.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 22-декабрда «Ашымбай» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык көмүр шахтасы урап түшүп, бир эркек киши ичинде калып, төрт шахтер качып чыгууга үлгүргөн.

23-декабрь кечке жуук кырсык болгон шахтада калган 37 жаштагы кишинин сөөгү табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү «Азаттыкка» 24-декабрда кабарлады.

Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №1 мобилдештирилген тоо-кен куткаруу бөлүмүнүн 16 кызматкери, «Тез жардамдын» бир бригадасы, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана 20 шахтер издөө иштерине тартылган.

Окуя боюнча атайын жумушчу топ иликтөө иштерин да жүргүзүп жатат. Облустук администрация маркумдун үй-бүлөсүнө каржылык жардам көрсөтүлгөнүн кабарлады.

Быйыл жыл башынан бери Баткен облусунда көмүр шахталарында кырсыктан тогуз киши каза болгон. (JsA)

XS
SM
MD
LG