Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:14

Баткенде жаңы жылдык балатыга чыгымдалчу 169 миң сом бюджетке кайтарылды


Баткендеги балаты.
Баткендеги балаты.

Бул туурасында Баткен шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Равшан Бадалов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жаңы жылдык балатыны жасалгалоо жана майрамды уюштуруп өткөрүү үчүн тендер жарыяланып, 169 миң сомго бир компания уткан. Бирок шаардын жетекчилиги быйылкы пандемиялык кырдаалды жана каражаттын тартыштыгын эске алуу менен жаңы жылдык балаты жасоону жана майрам уюштурууну токтотууну чечип, тендер артка кайтарылган.

«Бул чыгымдарды азайтып, шаар аймагындагы колдоого муктаж 80ден ашык үй-бүлөнүн балдарына жаңы жылдык баштыктар таркатылат. Баштыктардын баары жергиликтүү өндүрүштөн чыккан таттуулар менен толтурулат», - дейт Равшан Бадалов.

Кыргызстанда жаңы жылдык майрамга быйыл былтыркыдай каражат жумшалбай турганы айтылган. Иш жүзүндө ага казынанын 1 миллион 700 миң сомдон ашуун акчасы сарпталганы маалым болду. Анын ичинен Жалал-Абад шаары балаты үчүн 800 миң сом бөлгөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG