Казакстанда кулчулукта жүргөнүн айткан жарандын туугандары Аксы районунан табылды

Дайынсыз жоголгон адам.

Казакстанда кулчулукка кабылганы айтылып, Кыргызстанга кайта албай жаткан орто жаштагы эркек кишинин видео кайрылуусу 2020-жылдын декабрь айынын башында Интернетке тараган. Анда кой кайтарып, бир адамдын колунда кулчулукта жүргөнү боюнча ошол үйгө устачылык кылып барган кыргызстандыктардан жардам сурап, алып кетүүнү өтүнүп жатканын тасмадан көрүүгө болот.

Көп өтпөй ал киши Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну экени белгилүү болгон.

Эми кулчулукта жүргөн Шерипалы Эргешевдун жакындары табылып, үй-бүлөсү аны алып келүүгө аракет кылууда.

Бул тууралуу Аксы райондук администрациясынын аппарат башчысы Мирлан Саныбаев «Азаттыкка» кабарлады:

«Ал Аксы районунун Кой-Таш айылында 1960-жылы туулган Шерипалы Эргешев аттуу адам экен. Учурда ИИМге жана Тышкы иштер министрлигине арыз менен кайрылыптыр. Биз анын документтерине жардам берип жатабыз».

Эргешев буга чейин Базар-Коргон районунда, Шамалды-Сай шаарчасында жашап жүргөн экен. Тогуз жылдан бери дайынсыз болуп, табылбай жүргөнүн анын жакындары айтып беришкен. (TB)

Дагы караңыз

Орусиянын Мамдумасы «саясат менен алектенгендерди» чет өлкөлүк агент катары таанууга уруксат бердиПрезидент Трамп АКШнын коргоо тармагынын бюджетинин долбооруна вето койдуМилиция: Солтон-Сарыдагы алтын кенин басып алуу тууралуу маалымат текшерилүүдө БШК референдумга байланыштуу дагы жети үгүт тобун каттады