Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Милиция: Солтон-Сарыдагы алтын кенин басып алуу тууралуу маалымат текшерилүүдө


Нарын облусундагы Солтон-Сары жайлоосу.

Нарын облустук милициясы Эмгекчил айылында белгисиз топ Солтон-Сары алтын кенин басып алганы тууралуу маалымат түшкөнүн 23-декабрда «Азаттыкка» ырастады.

Мекеме окуя болгон жерге милиция кызматкерлеринен турган топ жөнөп кеткенин, толук маалымат 24-декабрда бериле турганын кабарлады.

Алтын кенин белгисиз адамдар басып алганын активист, укук коргоочу Качкынбек Булатов 23-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасында жарыялаган. Ал «кечки саат 16.00 чамасында Солтон-Сары жайлоосундагы алтындын запасы бар Көл-Төр жана Чолок-Төр тилкесин Эмгекчил айылынын 20 тургуну басып алды» деп жазган.

Ошондой эле бул адамдар жабылган штольняны (кенге алып барган жолу, кенге жер үстүнөн кирген жантайма жол) ачып кирип, өз билгенин кылып жатканын, ушу тапта алар алтындын запасын казууга киришкенин маалымдаган.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенин иштетүү укугу кыргыз-кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген. Бирок аны иштетүүгө жергиликтүү эл нааразы болуп, былтыр чыккан чыр-чатактан улам аталган компаниянын иши токтотулган. (BsB/NT)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG