Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш сотто каралат


Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл деген Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча ишин кароону улантат.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдиргендей, жараян саат 14.00гө белгиленген.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүп, 10-декабрда биринчи отурум өткөн.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөрүлгөн.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. (NT)

XS
SM
MD
LG