Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Израилдин парламенти үчүнчү жолу тарап кетти


«Кахоль-Лаван» блогунун лидери Бени Ганц жана Израилдин премьер-министр Биньямин Нетаньяху
«Кахоль-Лаван» блогунун лидери Бени Ганц жана Израилдин премьер-министр Биньямин Нетаньяху

Израилдин парламенти - Кнессет 23-декабрда мөөнөтүнөн мурда үчүнчү жолу тарап кетти. Эми өлкөдө эки жылда төртүнчү жолу парламенттик шайлоо өтүшү керек. Кийинки шайлоо 2021-жылдын 23-мартына белгиленди.

Израилде 2019-жылдан бери парламентке оңчул жана солчул күчтөрдүн ортосундагы тирештен улам саясий кризис өкүм сүрүүдө. Бири-бирине атаандаш партиялар өкмөттү куроо маселесинде мунаса таппай келет. 2019-жылдын апрель жана сентябрь айларында өткөн шайлоодон соң парламент өкмөт курай алган эмес. Израилдин мыйзамы боюнча, өкмөттү түзүү укугуна көп добуш алган партиянын лидери ээ болот.

2020-жылы жаздагы шайлоодон соң коалициялык өкмөт түзүлгөн. Анын шартына ылайык, учурдагы премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана «Кахоль-Лаван» блогунун лидери Бени Ганц өкмөттү кезектешип башкармак.

Бирок коалициядагы пикир келишпестиктерден улам өлкөнүн 2020-2021-жылдагы бюджети кабыл алынган жок. Нетаньяху жана Ганц бири-бирин "келишимди аткарган жок" деп айыптап келишет. Бул кырдаал кезектеги Кнессеттин тарашына жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун жарыяланышына алып келди.

XS
SM
MD
LG