Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Орусияда активист Юлия Галямина эки жылга шарттуу кесилди


Юлия Галямина

Москвада сот орусиялык оппозициячыл активист жана муниципалдык депутат Юлия Галяминаны эки жылга шарттуу кести.

Буга чейин прокурор Галяминаны үч жылга кесүүнү сураган. Активистти коомдук иш-чараларды уюштурууда бир нече жолу эреже бузган деп айыпташкан.

Жараян болуп жатканда Юлия Галяминанын ондогон тарапкери акция өткөрүштү. Галяминага карата кылмыш иши быйыл июль айында козголгон. Тергөө комитети активистке Интернетте Конституцияны өзгөртүүгө каршы мыйзамсыз акцияга катышууга чакырган деген айып таккан.

Юлия Галямина жана бир катар укук коргоо уюмдары муну куугунтук катары атап, орус бийлигин сындап келет.

XS
SM
MD
LG