Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Он бир талапкер жарандык коом менен "Укук жана эркиндик жөнүндө" келишимге кол койду


 2020-жылдын 4-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.
2020-жылдын 4-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.

Бишкекте 23-декабрда президенттик кызматка талапкерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү "Укуктар жана эркиндиктер жөнүндөгү" келишимге кол коюшту.

Медиа-сектор, жарандык коомдон турган коалиция менен келишимге кол коюу боюнча жыйынга алдыдагы президенттик шайлоодо ат салышып жаткан 14 талапкер жана алардын өкүлдөрү катышты.

Алардын ичинен "он бир талапкер келишимге кол коюп, жарандардын эркиндиги менен укуктарын коргоо боюнча милдеттеме алды" деп айтылат коалиция тараткан маалыматта.

Мындан тышкары дагы үч талапкер аймактардагы эл менен жолугушуудан кайтып келгенден кийин келишимге кол коюуга даяр экенин билдиришкен.

Келишим жарандардын укуктары менен эркиндиктерин алдыга жылдырууну өз ичине камтыйт. Келечектеги президентти бул принциптерди улантууга, колдоого чакырат.

Аны 30дан ашык маалымат каражаттары, жарандык коом, өкмөттүк эмес уюмдар, активисттер кирген коалиция даярдаган.

Буга чейин макулдашууга он талапкер кол койгону айтылган болчу.

Иш-чарада талапкерлер Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Элдар Абакиров, Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Ишенбай Кадырбеков жана Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын жетекчиси Канатбек Тургумбеков сөз сүйлөгөн.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөнү жатат. Ага 18 талапкер катышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG