ИИМ: Орусияда кол салуу болгон кыргызстандык ооруканада жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Москва облусунун Красногорск шаарында 2-февраль күнү Кыргызстандын жаранына белгисиз адам кол салып, жараат алган 24 жаштагы кыз ооруканага түштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирип, кыздын абалы туруктуу экенин кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, бул факты боюнча денеге атайлап оор залал келтирүү боюнча иш козголду. Шектүү кармала элек.

Буга чейин социалдык тармактарда жерде "кыргызстандык кызды Орусияда өлтүрүп кеткени" тууралуу маалымат тараган.

ИИМ жарандардан социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды таратпоого жана ызы-чууга алдырбоого чакырды. (BTo)

Дагы караңыз

Бийлик сомду туруктуу кармагысы келетСегизбаевге иштегендер сурак бердиЫкчам бекиген өкмөт ишин баштады«Кыргыз үмүтү» Жээнбековго каршы арыз жазды