Коронавирус: бир күндө эки бейтап кайтыш болуп, 88 кишиден табылды

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 5-февралдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде оорудан дагы эки киши каза болду. Алардын бири Баткенде, экинчиси Бишкекте катталды.

Расмий эсеп боюнча вирус дагы 88 кишиден жаңы аныкталды.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 920 адамды түздү. Анын 81 440ы сакайган. Бир күндө 110 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Пандемияда вирустан кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча жалпы 1420 кишини түздү.

18-августка чейин андан жалпы 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып келген. Бирок бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 511 бейтап стационарда, 608 киши үй шартында дарыланууда. (NT)

Дагы караңыз

Данияр Сыдыков: пандемияда гумжардамды бөлүштүрүүгө аралашкан эмесмин ИИМ: Орусияда кол салуу болгон кыргызстандык ооруканада жататБеш жылда Кыргызстанда 146 миң адам аты-жөнүн өзгөрттүБайден: «Навальный дароо жана эч шартсыз бошотулууга тийиш»Украинада крым татарча китеп латын арибинде жарык көрдү