Мамлекеттик каттоо кызматы акыркы беш жыл ичинде канча кыргызстандык аты-жөнүн өзгөрткөнү тууралуу маалымат берди.
Мекеменин маалыматы:
2016-жылы 37 миң 206;
2017-жылы 33 миң 430;
2018-жылы 28 миң 246;
2019-жылы 28 миң 153;
2020-жылы 19 миң 122 киши аты-жөнүн өзгөрткөн.
Маалыматтарды өзгөрткөндөн кийин бир ай ичинде паспортту да алмаштыруу керек. Фамилиясын, атын жана атасынын атын бир мезгилде алмаштырганга болбойт.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жарандар аты-жөнүн каалагандай кылып өзгөртүүгө укуктуу. (BTo)