Марипов: Күн карама майынын баасы 163% кымбаттады

Улукбек Марипов

Премьер-министр Улукбек Марипов 16-февралда «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирге чыгып, Кыргызстандагы азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу суроолорго жооп берди.

Өкмөт башчынын сөзү боюнча, күн карама майынын литри акыркы алты айда эле 163% кымбаттаган.

Ушул тапта базарларда мурда 90 сомдон сатылган күн карама майынын литри 150 сомго чыкты. 5 литрлик май буга чейин 450 сом турса, азыр ал 650-700 сомдон сатылып жатат.

«Күн карама майы эттин, күрүчтүн баасы жана башка социалдык маанидеги азык-түлүктүн баасы былтыр пандемия башталгандан бери кымбаттады», - деди премьер-министр.

Марипов өкмөттө буга байланыштуу жыйын болуп, бааларды түшүрүү боюнча маселе талкууланганын айтты.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык быйыл январь айында 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөөчү баалар жалпысынан өлкө боюнча 1% көтөрүлдү. Азык-түлүк, алкоголсуз суусундуктардын баасы 1,7% кымбаттады. (BTo)

Дагы караңыз

Чекеге чыккан чек ара чатактары Конституциянын долбоору: юристтердин сунушуСуваналиев Баткен облусун жетектемей болду Кердегейдин "Гимнинин" чекити жана Дүдү