Балбан Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасы аяктаганын жарыялады

Каныбек Жолчубековдун 2019-жылдагы сүрөтү.

Балбан спорттук карьерасын жыйынтыктаганын 17-февралда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылыш аземинде билдирди.

Ал машыктыруучу курамга, дарыгерлерге, күйөрмандарга, үй-бүлөсүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Балбан спорттук кийимин символикалык түрдө грек-рим күрөшү боюнча спортчу Нурмухаммед Абдуллаевге тапшырды.

Каныбек Жолчубеков студенттер арасында эки жолку Дүйнө чемпиону, жаштар арасында Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону жана Азия оюндарынын вице-чемпиону. (GT)

Дагы караңыз

Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору ишке кириштиКызды басмырлаган ысымдарӨКМ: Чүйдөгү өрт өчүрүлдүБаш мыйзам: бийлик кандай бөлүштүрүлөт?