Гүлбара Калиева: Тартип комиссиясынын чечими мыйзамсыз

Гүлбара Калиева.

Жогорку соттун басма сөз кызматы төрайым Гүлбара Калиеванын Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын чечими боюнча комментарийин таратты.

Анда Калиева комиссиянын бүтүмүн "мыйзамсыз" деп атаган:

"Мени кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү тууралуу чечим мыйзамсыз. Анткени, медициналык маалымкат жана маселени мен жок карабоо тууралуу арыз бергениме карабай жыйын менин катышуумсуз өттү. Мыйзамда кароо мөөнөтү төрт ай болгонуна карабай, чечимдин шашылыш чыгарылганы түшүнұксүз. Мындай кадамдар мыйзамга кайчы келет", - деп жазылган Калиеванын жообунда.

Тартип комиссиясы бүгүн, 4-мартта Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген.

Жыйынга Калиева өзү келген эмес. Ал ден соолугуна байланыштуу маселени кароонун мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу боюнча арыз берген.

Бирок комиссия Башкы прокуратуранын аны токтоосуз кароо боюнча сунушун канааттандырды.

Жыйынтыгында Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берилип, аны кызматтан убактылуу четтетүү сунушу президент Садыр Жапаровго жиберилмей болду.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Гүлбара Калиеваны "Жергиликтүү сот" долбоорундагы коррупциялык иш боюнча жоопко тартууга уруксат сурап Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган.

Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе, ал камакка алынарын айткан.

Гүлбара Калиева "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда бул айтылгандарды "негизсиз" деп билдирген.

Быйыл 5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Гүлбара Калиеванын дагы бир доого кабылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, деп шек саналып жатканын билдирген.

Жогорку соттун басма сөз кызматы төрайымдын дарегине айтылган айыптарды четке каккан. (NT)

Дагы караңыз

Бекешев Матраимовду колдоо митингине катышкан депутаттарды сындады (видео)Чолпон Баекова: Чечимдерибиз мыйзамдуу болчуАксыда алты адам ууланып каза таптыКыргызстан «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарына кошулдуЗомбулуктан жабыркагандар үчүн 117 кыска номуру иштей баштайтБулактар: Өзбек президентинин күйөө баласы жол кырсыгына кабылып, Түштүк Кореяда дарыланууда