Президент 2 410 адамга Кыргызстандын жарандыгын берди

Садыр Жапаров.

Өлкө башчы Садыр Жапаров президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу тууралуу 11 жарлыкка кол койду.

Президенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, алардын ичинен жети жарлык 2 410 адамды (1802си — чоң адам жана 608и — бала) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Төрт жарлык 982 адамды (780и — чоң адам жана 202си — бала) Кыргызстандын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы өлкө калкынын саны 6,5 миллионго жетти. Анын 3,3 миллиону аялдар, 3,2 миллиону эркектер. (BTo)

Дагы караңыз

Бийликти сындаган активист бир айга камалды Ирактан балдар ата-энесиз кайтты Абдирасулова: Ирактан келген балдардын таржымалы айтылбашы керекСадыр Жапаров: Cаясий куугунтук болбойтШайлоо: 45 мандатты 1820 киши талашат