COVID-19: Бир күндө эки адам каза болду, 115 бейтап жаңы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1492 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 115 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (66) жана Чүй облусунда (42).

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 652 адамга жетти.

Бир күндө 65 адам айыгып чыкты.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4222 адамга жетти, алардын 4195и айыгып чыкты.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган. (RK)

Дагы караңыз

Жаныбарларды коргоочу мыйзам долбоору мал союу боюнча талашты кызыттыАйбек Бузурманкулов: Жерүй кени боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү керекАксы: Электр кубаты жетелек айылдар туристтик аймакка айланышы мүмкүнМирзиёев журналисттерди сын материалдарды көбөйтүүгө чакырды