Элет аялдарынын шайлоодогу 30% квотасын колдогон акция өттү

Kyrgyzstan. Park "Yntymak". Trees. Ecology

Бишкекте бүгүн, 27-мартта аялдардын жергиликтүү шайлоолорго катышуусун активдештирүүгө арналган акция өттү. “Кыргызстанды чогуу өнүктүрөбүз!” акциясын Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгү уюштуруп, ага президент Садыр Жапаров, БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги жана чет өлкөлөрдүн элчилери катышты.

Алар “Ынтымак” паркына 30 бактын көчөтүн отургузуп, аялдардын шайлоодогу 30 пайыздык квотасына колдоосун билдиришти.

Президент Садыр Жапаров жана БУУнун өкүлү Наталья Герман.

Президент Жапаров айылдык кеңештердеги орундардын 30 пайызын аялдар үчүн калтырууну колдой турганын билдирип, жергиликтүү деңгээлде чечим чыгарууда гендердик теңчиликти камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты. Ал кыргыз эли аялдарды жана алардын укуктарын ар дайым урматтап келгенин, буга Курманжан датка менен Кыз Сайкал мисал экенин белгиледи.

Акцияга президент, БУУ өкүлү, БШК жетекчилиги жана элчилер катышышты.

Айылдык кеңештеги орундардын 30 процентин аялдарга калтыруу тууралуу мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Бул эреже быйыл 11-апрелде өтө турган жергиликтүү шайлоолордо алгач ирет колдонулганы жатат. 7560 орундун 2943үн аялдар ээлеши керек болот. (RK)

Дагы караңыз

Жапаров: Үч ыңкылапка тең адилетсиз шайлоо себеп болгонКазакстанда коронавирустун тез жайылуучу жаңы штаммдары катталдыУКМК: Ошто маңзат ташыгандарды калкалаган милиция жетекчиси кармалдыБеларус европалык обондуу ыр сынагынан четтетилди