Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

УКМК: Ошто маңзат ташыгандарды калкалаган милиция жетекчиси кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто маңзат ташып саткан адамдарды калкалап жүргөн деген шек менен милиция жетекчиси кармалганын 27-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 25-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунда Ички иштер министрлигинин маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын Ош боюнча бөлүм башчысы жана маңзат саткан дагы эки адам кармалды. Алар көптөн бери Ош шаарынын жана облусунун аймагында ири өлчөмдөгү баңги заттарын сатуу менен алектенип жүргөн деп шектелип жатышат.

Иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” деген 267-беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына камалышты. Алардан 550 грамм гашиш жана 100 грамм героин табылды.

Кыргызстан Ооганстанда өстүрүлгөн баңги заттарын Орусияга жана Европа өлкөлөрүнө жашыруун алып өтүүчү трафикте жайгашкан өлкө экенин адистер айтып келишет.(RK)

XS
SM
MD
LG