Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Партиялардын шайлоого топтогон акчасы боюнча маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын шайлоо фондундагы акчасы боюнча маалымат берди. 26-мартта мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, партиялардын банктагы эсептеринин 19-марттагы маалыматы алынды.

Ага ылайык, Бишкек шаарында 24 партиянын арасынан көп сумма “Социал-демократтардын” (7,6 миллион сом), азы “Улутмандын” (50 миң сом) эсебинде.

Ош шаарында шайлоого катышып жаткан он партиянын ичинен “Улуттар биримдигинде” көп сумма – 1,6 миллион сом, азы “Ата-Журт Кыргызстанда” (50 миң сом).

Баткенде беш партиянын арасынан көп акча “Ынтымактын” (220 миң сом), азы “Бүтүн Кыргызстандын” (20 миң сом) эсебинде.

Жалал-Абадда үч партиянын ичинен шайлоо фондунда көп акча топтогон “Ата-Журт Кыргызстан” (985 миң сом), азы “Нур” партиясы (70 миң) болууда.

Караколдо 13 партиядан көп сумма “Республикада” (268 миң сом), азы “Чоң Казатта” (20 миң сом).

Нарын шаарында шайлоого катышып жаткан алты партиянын арасынан “Патриот ынтымагы” партиясы 81 миң сом, “Республика” партиясы 25 миң сом топтоду.

Таласта он партиянын ичинен “Аманатта” 600 миң сом, “Ыйман Нурунда” 20 миң сом.

Токмок шаарында шайлоого үч партия катышып жатат – акчаны эң көп топтогон “Ата-Журт Кыргызстанда” 214 миң сом, азы “Республикада” – 37 миң сом.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Шайлоо фонддору уюштуруу жана үгүт иштерин каржылоо үчүн түзүлөт.

Шаардык кеңешке депутаттар партиялык тизме менен, айылдыкка өзүн өзү көрсөтүү жолу менен шайланышат. Партиялар жеңүүчү деп аталыш үчүн добуштардын кеминде 7% алуусу шарт.

Шайлоо күрөөсү Бишкек менен Ошто ар бир партия үчүн 50 миң сом, башка шаарларда 20 миң сом, ал эми айылдарда ар бир талапкер үчүн 1 миң сом. Бюллетендеги катар номуру боюнча чүчүкулак кармоо 1-апрелде өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG