Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:45

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин эки жаңы орун басары дайындалып, мекеменин жамаатына тааныштырылды. Министрликтин басма сөз кызматы 26-мартта кабарлагандай, Улук-Бек Бектурганов жетекчинин орун басары жана Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери болду. Министрдин дагы бир орун басары болуп Жалалидин Рахматуллаев дайындалды.

Улук-Бек Бектурганов 45 жашта. Ал 2007-жылдан бери Чүйдөгү ооруларды алдын алуу жана санитардык көзөмөл боюнча бир катар мекемелерди жетектеп келген.

Жалалидин Рахматуллаев 60 жашта. Ал көптөгөн жылдары Баткен облусунда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемелерин жетектеп, 2011-2017-жылдары Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри болуп иштеген. 2017-жылдан бери бул шаардын кургак учукка каршы ооруканасын жетектеп турган.

Министрдин орун басары болуп 2020-жылдын апрелинде дайындалган Нурболот Үсөнбаев жана дагы бир орун басарлык кызматты 2018-жылдан бери аркалап келген Мадамин Каратаев 23-мартта бошотулушкан.

Быйыл 3-февралда Кыргызстанда жаңы өкмөт ишке киришип, анын түзүмү өзгөртүлгөн. Саламаттык сактоо жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтери бириктирилген.

Жаңы мекемеге жетекчи болуп Алымкадыр Бейшеналиев, ага биринчи орун басар болуп буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп келген Ализа Солтонбекова дайындалган.

Өкмөттүн буга чейинки курамында Саламаттык сактоо министрлигинде үч, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде үч орун басар болчу.

Нурболот Үсөнбаев жана Мадамин Каратаев Кыргызстанда коронавирус боюнча абал курчуп турган кезде жооптуу милдетти аркалашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG